22.05.2020 17:41

Пакистанда 100дөн ашуун жүргүнчүнү ташып бараткан учак кыйрады

Пакистанда 100дөн ашуун жүргүнчүнү ташып бараткан учак кыйрады

Пакистанда 107 жүргүнчүнү ташып бараткан учак кырсыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсык Пакистандагы Карачи аэропортунан анча алыс эмес жерде жүз берген.

«Reuters» маалымат агенттиги «Пакистан эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык учактын ичинде 107 жүргүнчү болгонун жазды.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары учак Лахордон Карачиге учуп келатканын, коноруна бир мүнөттөй калганда кырсыктаганын жазып чыгышты.

Окуя болгон жерде бир канча турак жай кыйраган. Кырсык болгон жерге аскерлер жана куткаруу кызматтары барышты.

Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Учактын кыйрашынын себептери айтыла элек.