07.05.2020 11:18

Россиянын Соль-Илецк шаарынан 541 кыргыз жараны мекенине кайтты

Россиянын Соль-Илецк шаарынан 541 кыргыз жараны мекенине кайтты

Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан Кыргызстанга 541 жаран алынып келди. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлады. 

Маалыматка ылайык, келген жарандардын баары обсервацияга алынат.

“541 жаран Казакстан тарап менен жетишилген макулдашуунун жыйынтыгында алынып келди. Алар коронавирустун жайылышына байланыштуу Россия менен Казакстандын чек арасында Казакстанда киргизилген өзгөчө абалдын аякташын күтүп калышкан”, – деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, Казакстандын аймагында өзгөчө абал алына электигин жана чет өлкөлүктөрдүн Казакстанга киришине чектөө киргизилгенин эскертет. Мындан улам Соль-Илецк шаарынан жарандардын кайтарылышы, Россиядагы жарандар үчүн Россия менен Казакстандын чек арасына келишине себеп болбошу керек экенин белгилеген.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 вирусун 895 киши жуктуруп алган. Ичинен 637 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылса, 12 жаран илдеттен көз жумду.

Учурда бейтапканада 246 адам даарыланып жатат. Ичинен 4 киши кайра жандандыруу бөлүмүндө.

COVID-19 диагнозуна чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 224 кишиге жетти.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Апрель айынын соңунда өзгөчө абал режими май айынын 10на чейин узартылган.