18.10.2018 09:00

Пакистанда жаш балдарды аёосуз өлтүрүп келген киши дарга асылды

Пакистанда жаш балдарды аёосуз өлтүрүп келген киши дарга асылды

Пакистанда жасаган кылмыштары чоң коомдук резонанс жараткан киши өлтүргүчкө карата чыгарылган өлүм жазасы ишке ашырылды. Бул тууралуу кечээ, 17-октябрда Geo TV жазып чыкты. 

Сериялык маньяк Имран Али жаш балдарга карата бери дегенде эле 21 кылмыш эпизодуна катыштыгы бар болчу. Айрым учурларда жабырлануучулар курман болушкан. 

Анын акыркы жолкусунда 7 жаштагы кызды өлтүрүшү коомдо өзгөчө резонанс жаратты. Зөөкүрдү ДНК анализдин арты менен колго түшүрүүгө мүмкүн болду. Кылмышкер борбордук Лахор түрмөсүндө жергиликтүү убакыт боюнча таңкы 5:30да дарга асылды.