26.08.2019 11:51

Памир Асанов менен Матраимовдордун тууганчылык жайы бар экени такталды

Памир Асанов менен Матраимовдордун тууганчылык жайы бар экени такталды

Курсан Асановдун ордуна министрдин орун басары кызматына келген Памир Асановдун Матраимовдордун үй-бүлөсү менен тууганчылык жайы бар. Бул маалыматты ИИМден Vesti.kg сайтына тастыкташты. 

Мекемеден бул фактыны саясатташтырбоого чакырып, Памир Асановдун кызматтан көтөрүлүүсүнө Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басарынын тиешеси жок экенин билдиришти.

«Кыргыздарда «нике кайып» деген сөз бар. Эки жаш бири-бирин жактырып, үйлөнүүнү чечишсе, ата-энесинин батасын алышы керек. Ошондуктан, Памир Асанов менен Фарида Матраимованын кудалашканын саясий окуя катары көрбөйбүз. Балдары үйлөнгүчө, алар бири-бирин таанышчу да эмес», -дешет ИИМден.
 
Мекемеден кошумчалашкандай, Памир Асанов кудаларынын арасында Райымбек Матраимов бар болгону үчүн алар менен тууганчылык байланышын үзүп кое албайт. 

Эске сала кетсек, буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Курсан Асановдун ордуна ИИМ жетекчисинин орун басары кызматына келген Памир Асановдун уулу Райымбек Матраимовдун бир тууганы Фарида Матраимованын кызын алганын жазып чыгышкан.