18.10.2019 16:35

Памирде биринчи жолу жергиликтүү аял кыргызстандык акушердин колунан көз жарды

Памирде биринчи жолу жергиликтүү аял кыргызстандык акушердин колунан көз жарды

Кыргызстандан барган акушер-гинеколог Памирде жергиликтүү аялдын төрөтүн кабыл алды. Бул туурасында Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти.

Аталган кызмат тарабынан Кичи жана Улуу Памирге гуманитардык жүк жеткирүү үчүн өкмөттүк делегация түзүлүп, анын курамына врач-акушер-гинеколог Индира Мырзалиева кошулган.  

13-октябрь күнү саат 14:00дө биринчи жолу памирлик аялдын төрөтүнө катышкан дарыгер 2700 килограмм салмактагы эркек баланы төрөтүп алды.

«Төрөт ийгиликтүү өттү. Ымыркай менен апасынын абалы канааттандыраарлык. Өздөрүн жакшы сезип жатышат. Дарыгер апасына эмчек эмизүү жана төрөттөн кийинки өзүнө кам көрүү тууралуу сүйлөшүү жүргүздү.. Баланын атасы аялына Кыргызстандан келген тажрыйбалуу врачтардын колунан көз жаруу мүмкүнчүлүгү туш келгенине абдан кубанды», -деп билдиришет Миграция кызматынан.  

Ошондой эле, делегациянын курамында барган Кардиология жана терапия улуттук борборунун тоо медицинасы бөлүмүнүн кызматкери Абдирашит Марипов бардык кайрылгандарга кеп-кеңешин берди.