16.05.2019 10:11

Панфилов сейил багында чыккан өрттөн экзотикалык жаныбарлар күйүп кетти

Панфилов сейил багында  чыккан өрттөн экзотикалык жаныбарлар күйүп кетти

Бишкекте Панфилов сейил багында жайгашкан кафеде чыккан өрттөн экзотикалык жаныбарлар күйүп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт 15-майдан 16-майга караган түнү чыккан. Өрт өчүрүүчүлөргө билдирүү түнкү саат 00:48де келип түшүп, саат 3:32де толугу менен өчүрүлгөн. 

«Өрттөн жалпы аянты 400 чарчы метр «Живая экзотика» кичи зоопаркы, «Деревяшка» кафеси жана экзотикалык жаныбарлар күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда», - деп билдирди басма сөз кызматы.