16.08.2018 10:34

Папан суу сактагычына чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси эки күндөн кийин табылды

Папан суу сактагычына чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси эки күндөн кийин табылды

Папан суу сактагычына чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Бүгүн, 2018-жылдын 16-август күнү саат 07:40та Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына чөгүп кеткен жаранды издөө иштерине КР ӨКМнин Кара-Суу райондук №25 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 11 куткаруучу, жалпы 14 куткаруучу тартылган. Саат 09:20да издөө иштеринин натыйжасында маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

Эске сала кетсек, 14-август күнү саат 22:13 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына 1980-жылы туулган Ю.А. (эркек киши) аттуу жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 15-август күнү издөө иштерине жалпы 14 куткаруучу тартылып издөө иштери жүргүзүлгөн, бирок табылган эмес.