12.07.2018 12:00

Париждик агенттик Айда үйлөнүү тоюн өткөрүү кызматын сунуштады. Наркы-125 миллион евро

Париждик агенттик Айда үйлөнүү тоюн өткөрүү кызматын сунуштады. Наркы-125 миллион евро

2022-жылдан баштап үйлөнүү тоюн Айда өткөрүү мүмкүндүгү пайда болот. Бир жумага созулган космостук учуу автономдук капсуланын бортунда жүрүп, түгөйлөр саякат учурунда чоочун көздөн обочо кала алышат. Бул туурасында ApoteoSurprise агенттигинин негиздөөчүсү  Николя Гарро (Nicolas Garreau) билдирди. 

Өзгөчө үйлөнүү-үлпөт тойлорун уюштуруу менен алектенген бул агенттик наркы 125 миллион еврого бааланган жаңы кызмат көрсөтүүнү баштаганы турушат.  «Бул 21-кылымдын ханзаадаларына Айды айланып учуу учурунда сүйгөн кызынын колун суроого мүмкүнчүлүк берет», -деп жазат агенттик. 

2022-жылдын мартынан баштап, каалаган капчыктуу жаран www.proposeinparis.com сайтындагы кызматтардан колдоно алат:   

  • 12 жума ичинде күйөө болчу жигитти физикалык жактан даярдап, техникалык жактан окутушат.
  •  Белгиленген күнү Кеннеди космодромунан Кап Канавералга (Флорида) жөнөтүлөт.
  • 3 күндөн кийин Ай орбитасына келип, Айдан болгону 200-300 чакырым алыстыкта учуу жүрөт.
  • Жарым саат бою Жер менен эч кандай байланыш болбойт- бул убакыт аралыгында капсула Айдын арткы бетинен айланып учуп өтөт. 
  • Орбиталык учуунун ортосунда Фрэнк Синатранын «Fly Me to the Moon» ыры жаңырып, анын коштоосунда күйөө жигит кызга үйлөнүү тууралуу сунуш киргизе алат (нике шакеги анын скафандрында катылган болот).
  • Космостон Жердин укмуштай көрүнүшүнө күбө болуп, кайра 4 күн жол жүрүп, жерге келип конот. 

 ApoteoSurprise – шаан-шөкөттүү жана оригиналдуу үйлөнүү-үлпөт тойлорун өткөрүү менен алектенген париждик агенттик. Ал 2006-жылы билими боюнча аэрокосмостук инженер Николя Гарро тарабынан негизделген.