25.04.2019 15:20

Парламент Абылгазиевдин өкмөтүнүн отчетуна канааттанды

Парламент Абылгазиевдин өкмөтүнүн отчетуна канааттанды

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеш депутаттары өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча  отчётун «канааттандырарлык» деп тапты. Жалпы 114 депутат каттоодон өтүп, 103 депутат «макул», 1 эл өкүлү «каршы» добуш берди.

Депутат Исхак Масалиев өкмөттүн отчётуна «канааттандырарлык эмес» деп баа берүү керектигин айтты. Бирок сунушу колдоо тапкан жок. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн отчётун колдоп берген үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди. «Сын-пикирлерди, айтылган ойлорду туура кабыл алабыз. Чогуу иштешкенге, реформа жасоого чоң кадамдарды жасайбыз», - деди Абылгазиев.