10.04.2018 11:30
Парламентке Индира Жолдубаеваны башкы прокурор кызматынан бошотуу сунуштамасы киргизилди
Президент Сооронбай Жээнбеков парламентке Индира Жолдубаеваны Башкы прокурор кызматынан бошотуу сунуштамасын киргизди. Мамлекет башчынын сунуштамасын алгач конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети карап чыгат.
Комитет мүчөлөрүн сунуштама менен Президент Аппаратынын жетекчиси Мухамедкалый Абылгазиев тааныштырмакчы. Бул туурасында комитеттен билдиришти.
Эскерте кетсек, «Ата Мекен» жана «Республика — Ата Журт» фракциялары Башкы прокурордун 2017-жылдагы ишмердүүлүгүн “ канааттандыраарлык эмес” деп тапкан.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: