29.05.2018 11:43

Парламентте башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отчету угулууда

Парламентте башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отчету угулууда

Өткөн жылы прокуратура органдары тарабынан террористтик топтордун маалыматы жайгаштырылган 159 веб-сайты менен интернет-баракчалары жабылды. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитетинде отчет берип жатып билдирди. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Депутат Кенжебек Бокоев  «Агроөнөржай» корпорациясы боюнча кылмыш ишинин абалына кызыкты. «Кылмыш иши козголгондон бери 10 жыл өттү, эмдигиче дайыны жок, анын тагдыры эмне болду? Болбогон 3-4 миӊ сом үчүн кылмыш иши козголот, ал эми миллиондогон сомдор боюнча козголгон иштер кандайдыр бир себептер менен жабылып калууда. Булар тууралуу кабарыӊыз барбы?», - деген собол салды эл өкүлү. Башкы прокурор андай ири кылмыш иштери көп экенин, анын баары азыр кайра козголуп жатканын, анын жыйынтыгы жакында белгилүү болорун билдирди.

Депутат Иса Өмүркулов болсо, мамлекеттик сатып алуулар жаатында түзүлгөн тендердик комиссиялардын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн киргизүү зарылдыгын белгиледи. «Башаламан текшерүүлөрдөн улам мамлекеттик ишканалар кыйналып турат. Эгерде комиссиялардын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кошо кирсе, аларга кыйла жеӊил болмок», - деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Бакыт Төрөбаев депутаттар тобунун жаӊы ачылган жагдайларга байланыштуу Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишин кайра кароо боюнча кайрылуусунун тагдырына кызыкты. Башкы прокурор кайрылуу келип түшкөнүн, анда келтирилген жүйөөлөр мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кылдат текшерилип чыгып, депутаттарга жазуу жүзүндө жооп бериле турганын билдирди.