27.05.2020 11:26

Парламенттеги Исхак Масалиевдин ордун жаңы депутат ээледи

Парламенттеги Исхак Масалиевдин ордун жаңы депутат ээледи

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы депутат Нургазы Айдаров ант берди.

Айдаровго депутаттык мандат күн мурун, 26-майда тапшырылган. 

Айдаров Нургазы Абдыраевич 1966-жылдын 16-январында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1998-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин аяктаган аяктаган.

Эске салсак, жаңы депутат жакында эле мандатын өз ыктыяры менен тапшырып берген Исхак Масалиевдин ордун ээледи.