05.04.2020 10:10

Пенсия өз убагында берилет

Пенсия өз убагында берилет

9-апрелден тарта пенсияларды банктык эсептерге которуп баштайт. Бул туурасында социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди. Анын айтымына караганда Кыргызстанда жалпы 670 миӊден ашык пенсионер ар кандай категориядагы пенсия алат. Алардын  55% банкттардан пенсиясын алса, 45%  пенсиясын почта бөлүмдөрүнөн алат.

«Келерки айда пенсияларды каржылоо толук көлөмдө жана каралган мөөнөттө ишке ашырылат, каржылоо 9-апрелде ачылып, 10-апрелден тарта банктардан жана почта бөлүмдөрүнөн төлөмдөр бериле баштайт», -дейт Медер Ирсалиев.

Ошондой эле өзгөчө кырдаалга карата бул жолу пенсия ар биринин үйүнө почта кызматкерлери тарабынан жеткирилип берилет деп кошумчалады. 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.