06.05.2020 14:16

Жанар Акаев: Премьер-министр элге пенсия жана жөлөкпул боюнча так жооп берсин

Жанар Акаев: Премьер-министр элге пенсия жана жөлөкпул боюнча так жооп берсин

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаты Жанарбек Акаев өкмөттөн пенсия жана жөлөкпул боюнча ачык маалымат талап кылды.

«Элде башаламандык, түшүнбөстүк ойлор болуп жатат. Элде «июнь айынан тартып бийлик пенсия, жөлөкпул бере албай калат экен» деген сөз жүрүп жатат. Ошону өкмөт башчы брифинг өткөрүп, жок,  бюджетте акча бар, пенсия, пособие мурда кандай болсо ошондой төлөнөт- деп элге ачык айтсын», - деди Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңеш бүгүн табигый кырсыктардын кесепетин жоюу тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат.