02.05.2020 15:21

Казак президенти Назарбаевдин кызын парламенттеги кызматынан бошотту

Казак президенти Назарбаевдин кызын парламенттеги кызматынан бошотту

Сенаттын депутаты Дарига Назарбаеванын ыйгарым укугун токтотуу тууралуу буйрукка өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.

Бул маалыматты Токаевдин администрациясы таратты. Анда президенттин буйругунан тышкары эч кандай маалымат айтылган эмес.

Ал эми президент Касым-Жомарт Токаев Дарина Назарбаевага ыраазычылыгын өзүнүн Twitter-баракчасы аркылуу билдирген. 

Казакстанды отуз жылдан ашуун башкарган президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева атасы мамлекет башчылыктан кеткенден кийин, 2019-жылдын 20-мартынан бери Казакстан парламентинде Сенаттын спикери кызматын ээлеп келген.