07.03.2018 13:44

Планетадагы эң бай адам аныкталды

  в мире (1 материал)
Планетадагы эң бай адам аныкталды

 Forbes журналы 6-мартта планетанын эң бай адамдарынын тизмесин  өз сайтында жарыялады. Сап башында  Amazon компаниясынын башчысы  Джефф Безос турат.  

Планетанын эң бай адамдарынын үчилтигине  Безос өткөн жылы эле кирген. Бул жылы анын капиталы 12 орундуу санды түзүп, Форбстун маалыматында 112 млрд долларга жетти. Безос байлыгын бир жыл ичинде 39 млрд.  доллардан ашык суммага  көбөйтүүгө жетишкен.  

 “Microsoft” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири   Билл Гейтстин байлыгы 90 млрд долларга бааланса, инвестор  Уоррен Баффеттики  —  $83 млрд.

Louis Vuitton Moët Hennessy компаниялар тобунун президенти, француз бизнесмени Бернард Арно тизмеде - төртүнчү орунда. Ал былтыр да, мурдагы жылы да планетанын эң бай адамдарынын ондугуна кирген эмес. Бир жыл ичинде 30 млрд. доллардан ашык киреше таап, эми анын байлыгы 72 млрд. долларга бааланды.

Forbes басылмасы бешинчи орунду  Facebook  социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү Марк Цукербергге ыйгарды. Анын мүлкү-  $71 млрд.

Бардыгы болуп басылма мүлкү доллар менен бааланган 2208 миллиардерди тизмелеп берген.