18.06.2018 12:20

Экс-мэр Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду

Экс-мэр Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду

Экс-мэр Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Бул ирет Кулматовду  Кылмыш кодексинин 350-беренесинин 2-пункту (Билип туруп жасалма документти колдонуу) жана 346-берененин 1-пункту ( Кыргыз Республикасынын кайтаруудагы Мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) менен айыпташууда.  

Маалыматта, «Кубанычбек Кулматов 1995-жылдын 11-октябрында СССР жараны паспортун жоготуп алганына байланыштуу Россия паспортун алып, аны менен бирге аталган өлкөнүн жарандыгын алган.  1996-жылы 26-ноябрда Россия жараны болуп туруп, жараксыз (жоголгон) паспортун колдонуп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук паспорт столунан Кыргызстандын жаранынын паспортун алган. Кийин 2001, 2003 жана  2013-жылдары бир нече ирет паспорт алмаштырган. Мындай жол менен Кубанычбек Кулматов Россия жараны болуп туруп, мыйзамсыз түрдө Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган», -деп жазылат.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.