20.04.2018 15:38

Польшада жаран курбусун тамашалайм деп аз жерден өлтүрүп ала жаздады

Польшада жаран курбусун тамашалайм деп аз жерден өлтүрүп ала жаздады

Польшада Чеховице-Дзедзице шаарынын тургуну курбу кызынын тамашасынан аз жерден өлүп кала жаздады.  17 жаштагы кыз курбусун жүрүп бараткан автобусту көздөй түртүп жиберген. Бул көрүнүш тартылган тасманы The Mirror басылмасы жарыялады.  

Тасмада көрүнүп тургандай, эч нерсе оюнда жок бараткан кыз курбусунун түрткөнүнөн автобус бараткан көчөгө  кулап түшкөн. Дөңгөлөк кыздын башын  аз жерден тебелеп кетпегени көрүнүп турат.

Мындайды дос кызын “тамашага салган”  тарап да күтпөгөндөй. Күнөөкөр  курбусу ордунан тураар менен кучактаганга шашты.

The Mirror басылмасынын маалыматына караганда, окуя болгон жерге  тез жардам кызматы менен полиция келген. “Тамаша уюштурган” кыз 5,5 миң рубль тегерегинде айып пулга жыгылды.

Бирок, эгерде курбусу өлүп калышы мүмкүн экени далилденсе, аны бир жылга камакка алышат.