08.04.2019 11:05

Португалиялык аял арасында тиш чукугуч бар гамбургерди жеп алып, каза тапты

Португалиялык аял арасында тиш чукугуч бар гамбургерди жеп алып,  каза тапты

Португалиянын Коимбра шаарында гамбургер менен кошо тиш чукугуч жутуп алган аял каза болуп калды. Бул туурасында Daily Mail басылмасы билдирди.

50 жаштагы аял тамагында жагымсыз сезим болуп жатканына арызданып, эки ирет ооруканага кайрылган. Анын айтымында, гамбургер жеп жаткан учурунда тамагына бир нерсе такалып калган.  Дарыгерлер аны ларингоскопия  жана рентгенден өткөрүшүп, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Аялга суук тийүүгө каршы антибиотик жазып берип, үйүнө жөнөтүшкөн.  

Бир күндөн кийин үйүнөн аялдын жансыз денеси табылган. Ал жуунуучу бөлмөдө кан болгон кийимчен жана башынан жаракат алган абалда табылган. Алагч полиция аны өлтүрүп коюшту деп ойлоп, аял менен чогуу жашаган эркектен көрүшкөн. 

Сөөктү союп көрүшкөндө кызыл өңгөчтөн тиш чукугучтун ириң менен капталган 3,5 сантиметр сыныгын табышкан. Ал кекиртектин капталын эки оюп, сезгенүү пайда кылган, бул өз кезегинде жүрөк-кан тамыр кемтигине алып келген. Эс-учун жоготкон аял башы менен жерге катуу урунган. Мына ушул жаракат анын жарандык никедеги күйөөсүнөн шек саноого негиз болгон.