22.02.2019 10:16

Премьер-министр айрым жетекчилерге эскертүү берди

Премьер-министр айрым жетекчилерге эскертүү берди

Министрликтердин жана административдик ведомстволордун айрым жетекчилери өкмөт башчыдан эскертүү алышты. Бул туурасында бүгүн 22-февралда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, жүктөлгөн  милдеттерин  талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө эскертүү жарыяланды:

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушевге;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжановго;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жанатокой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго.