25.05.2018 08:51

Премьер-министр Чүйдө бир катар айыл чарба объектилеринин иши менен таанышты

Премьер-министр Чүйдө бир катар айыл чарба объектилеринин иши менен таанышты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Чүй облусундагы бир катар айыл чарба объектилеринин иши менен таанышты. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Атап айтканда, Өкмөт башчы учурда реконструкциялоого жана тазалап чыгууга муктаж болгон Москва районунун Спартак айылындагы «Спартак» суу сактагычын жана Жайыл районунун Ак-Башат айылындагы №0 суу сактагычын көрүп чыкты.

Көрсөтүлгөн суу сактагычтар толук кандуу иштеген учурда Москва районундагы өздөштүрүлгөн жерлердин аянты 2500 га кеңейип, Ак-Башат айылынын 1150 га жерин суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо мүмкүндүгү пайда болот.

Премьер-министр «Спартак» суу сактагычын реконструкциялоону жакынкы арада баштоону жана №0 суу сактагычтагы тазалоо иштерин активдештирүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы Айыл чарба, тамак аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигине тез арада реконструкцияланышы тийиш болгон суу чарба обьектилеринин кеңири картасын түзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев Панфилов районундагы «Тянь-Шань форель» ЖЧК балык чарбасына барып, Жайыл районундагы «Эко-Түшүм» дыйкан чарбасынын иши менен таанышты.

Өкмөт башчы өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын көлөмүн кеңейтүү жана анын сапатын жогорулатуунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп, атамекендик айыл чарба өндүрүшчүлөрүн Евразия экономикалык биримдигинин артыкчылыктарын жигердүү пайланууга чакырды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, заманбап ыкмаларды пайдалануу жана аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу аркылуу айыл чарбаны өнүктүрүү ички жана тышкы миграцияны кыскартууга, ошондой эле калкты жумуш орундары менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Өкмөт башчы жергиликтүү бийлик орган жетекчилеринин ишин баалоодо фермерлерге колдоо көрсөтүүсү, инвестицияларды тартуусу жана жаңы ишканалдарды ачууга көмөктөшүүсү сыяктуу белгилүү критерийлерге басым жасалаарын белгиледи.