Премьер-министр Лейлектеги сел кесепеттерин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-майда, тийиштүү маамлекеттик органдардын жетекчилери менен Баткен облусунун Лейлек районундагы сел кесепеттерин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул туурасында өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш боюнча бөлүмүнөн билдиришти.
Өкмөт башчыга жабыркаган турак-жайларды, социалдык объектилерди жана чарбалык маанидеги имараттарды калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле, учурда бардык зарыл атайын техника жыйналып, ӨКМ жана жергиликтүү калктан кеминде 200 адам ишке тартылганын билдирди.
Жабыркаган аймактарда электр жарыгын кошуу, жолдорду тазалоо, ошондой эле ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев калыбына келтирүү иштерин ыкчам аткарууну, ошондой эле алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышынан калкты коргоо чараларын көрүүнү тапшырды.
“Кыска мөөнөттө суунун деңгээлинин жогорулоо коркунучу бар бардык райондордо мониторинг жүргүзүү керек. Тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жээктерди бекемдөө иштерин кыйла жигердүү аткарып, калк арасында турак жайды камсыздандыруунун маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүлөрү зарыл. Бул жарандарга жаратылыш кырсыктарынан келтирилген зыянды калыбына келтирүүдө кыйла таасирдүү, даректүү жардам алууну шарттайт”, - деп баса белгиледи Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: