Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев карантинге алынды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев карантинге алынды

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына эки күндүк иш сапар менен болгон делегациянын 12 мүчөсү сыяктуу эле коронавирус инфекциясынын бар же жогун аныктай турган экспресс-тесттен өттү. Алардын биринен да вирус аныкталган жок. Бул туурасында Республикалык штабдан маалымдашты. Тобокелчиликтерди азайтуу максатында алар үч күнгө үй карантинине жиберилген.

Ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү аракеттерди координациялоо боюнча ыкчам штабга тартылган өкмөт аппаратынын кызматкерлери да экспресс-тесттен өткөн.

Белгилей кетсек, өкмөт башчы баштаган делегация өлкө түштүгүнө барып, санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерип, нөөмөттө турган аскер жана милиция кызматчылары, медиктер жана санитардык кызматкерлер менен жолугушкан.

Бүгүн, 5-апрелге карата өлкөдө дагы 3 адамдан коронавирус аныкталып, бейтаптардын жалпы саны 147 адамга жетти.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.