14.11.2019 16:23

Премьер-министр: Ош шаарынын жолдорун оңдоого 100 миллон доллар бөлүү каралууда

Премьер-министр: Ош шаарынын жолдорун оңдоого 100 миллон доллар бөлүү каралууда

Ош шаарынын жолдорун оңдоого 100 миллион доллар бөлүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте билдирди, деп жазат Sputnik Кыргызстан.

Өкмөт башчыга депутат Зиядин Жамалдинов суроо узатып, Ош шаарына жакшы көңүл бурулбай жатканына токтолду.

«Чет өлкөдөн алынган гранттардын эсебинен Бишкек шаарындагы бир нече жолдор оңдолду. Бирок ошол эле мезгилде Кыргызстандын экинчи борбору аталган Ош шаарынын да жолдору асфальтталып калса жакшы болмок. Ошондой гранттарды ал жакка да бөлүп койбойсуңарбы», — деп сунуштады Жамалдинов.

Абылгазиев азыркы учурда макулдашуулар даярдалып жатканын айтып, грант, кредиттердин эсебинен 100 миллион доллар бөлүнөрүн билдирди.