12.03.2018 13:16

Премьер-министр Өкмөт Аппаратынын жетекчисин кызматтан бошотуу тууралуу сунуштама жөнөттү

  Коом (3 материала)
Премьер-министр Өкмөт Аппаратынын жетекчисин кызматтан бошотуу тууралуу сунуштама жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиевди ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунуштама жөнөттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти. 

 Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго  жөнөткөн сунуштамада- КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиевди берген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотуу жана өкмөт мүчөлүгүнөн четтетүү сунушу айтылат.