22.05.2019 12:30

Премьер-министрдин кызы чынында эле Америкада окуйт. Өкмөт аппаратынан тастыкташты

Премьер-министрдин кызы чынында эле Америкада окуйт. Өкмөт аппаратынан тастыкташты

Премьер-министрдин кызынын Америкада окуп жатканы чындык. Бул маалыматты өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев тастыктады.

Белгилей кетсек, жакында эле өкмөттүн басма сөз кызматы Абылгазиевдин балдары эмне иш менен алек болоору тууралуу маалымат тараткан. «Улуу кызы Ажар Борбор Азиядагы Америка университетинде окуйт. Экинчи кызы Саадат «Ала-Тоо» эл аралык университетинде жогорку билим алып жатат. Уулу Абир дагы «Ала-Тоо» университетинде окуйт. Кичүү уулу Кайрат бала бакчада», - деп айтылган ал маалыматта.

Бүгүн айрым ЖМКлар премьердин кызы Кыргызстанда эмес, Америкада Diablo Valley College колледжинде окуй турганын жазып чыгышкан. Аталган окуу жайдын расмий баракчасында окуу жайга төлөнө турган баалар көрсөтүлгөн. Анда чет элдик студенттер окуу үчүн бир жылга 23,5 миң доллар төлөй турганы жазылган.

Басма сөз катчысынын айтымында, премьер-министрдин кичүү кызынын окуган жери туура эмес көрсөтүлүп калган. Саадаттын Америкада окуй турганы анык.  

«Саадат чыгармачыл ишке жакын болгондуктан, Бишкек гуманитардык университетинин Европалык цивилизация факультетин ийгиликтүү аяктап, америкалык колледжде «санарип медиа--искусство» адистиги боюнча билимин улантып жатат. Ал анимацияларга кызыгат», - деп билдирди Адилет Султаналиев.

Ошондой эле, премьер-министр ар дайым ачык-айкын иштөөгө умтулаарын, мындан улам, коомчулукка жакындары тууралуу толук маалымат бергенин кошумчалады.  

«Өкмөт башчынын ачыктыгын анын үй-бүлөсүнө жана балдарына зыян келгендей кыянаттык менен колдонууга болбой турганын билдирет элем.  Алардын жеке жашоого кол тийбестиги бар экенин унутпасак. Биз коомчулукту кызыктырган маалыматтарды мындан ары да берүүгө даярбыз, бирок көңүлдү өкмөт башчынын мамлекеттик ишмердүүлүгүнө тиешеси бар суроолорго буруу туура деп эсептейт элек», -дейт басма сөз катчы.