12.04.2018 14:27
Президент аппаратынын кызматкерлери биринчилерден болуп тест тапшырышат
10-апрелден баштап, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли текшерилип баштайт. Сынакты «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери алмакчы.
Тест алууда эки топ иштейт: бир топ Бишкек шаарындагы кызматкерлерди текшерсе, экинчи ыкчам топ аймактарда сынак жүргүзөт.
Алдын-ала маалыматка ылайык, өлкө боюнча 24 миң 467 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тест тапшырат, алардын 7 миң 785и Бишкек шаарында болсо, 16 миң 682 кызматкер аймактарда.
Тесттер мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге ылайыкталып түзүлгөн. Биринчилерден болуп Президент Аппаратынын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээли текшерилет.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: