11.11.2019 15:31

Президент дайындаган судьялар: фамилиялары

Президент дайындаган судьялар: фамилиялары

Бүгүн, 11- ноябрда Нарын, Талас, Чүй жана Ош облустарынын  жергиликтүү сотторуна дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти. 

Эскерте кетсек, жаңы судьяларды дайындаган буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков 6-ноябрда кол койгон. Ага ылайык:

  • Нарын облустук сотуна Арзыкулова Гүлсүн Абдыевна,
  • Талас облустук сотуна Ибраимов Бакыт Молдозакович, Кенжеев Марсель Майрамбекович,
  • Чүй облусунун Кемин  райондук сотуна Сатарбек уулу Мирбек,
  • Ош облусунун Алай райондук сотуна Кожомкулов Алайбек Рамазанович,
  • Ош облусунун Араван райондук  сотуна Бакалбаев Тилек Калмаматович,
  • Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотуна Базарбаев Канатбек Туратбекович,
  • Ош  облусунун Ноокат райондук сотуна Абдираев Азамат Парпиевич,
  • Ош облусунун Чоң-Алай райондук  сотуна Раимкулов Эрмек Раимкулович дайындалган. 

Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун  төрайымынын орун басары К. Бокоев жаңы дайындалган  судьяларды  куттуктап, берген антка бек турууга  чакырды.