12.06.2018 12:51

Президент Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышат

Президент Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 14-июнунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча иш сапар менен Россиянын Москва шаарына барат. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Москвада 14-июнда футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулаган эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.