15.06.2018 09:08

Президент Сооронбай Жээнбеков мекендештерди Орозо айт майрамы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков мекендештерди Орозо айт майрамы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда ыйык Орозо айт майрамына байланыштуу Бишкек шаарындагы мечиттердин бирине барды. Жээнбеков кечээ кыска мөөнөттүү иш сапары менен Россияга жөнөп, ал жерден орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү өткөрүп, андан кийин  Москвадагы кыргыз элчилигинде Россияда жүргөн мекендештерибиз менен жолуккан эле. Президент Россиядагы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышкан соң таң эрте Москвадан учуп келген.

Ал эми Жогорку Кеӊеш төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкек шаарынын борборундагы эски аянтта окулган Орозо айт намазына катышып, президенттин атынан кыргызстандыктарды куттуктаган.

Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди руханий тазаланууну, тынчтыкты жана мээримдүүлүктү даңазалаган Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Орозо айт ар бир мусулман үчүн улуу күн. Бир ай бою жакшы ниеттер ишке ашырылып, соопчулук иштер жасалды.

Орозо айында береке жаап, муктаждарга садага берилип, таза тилек менен жасалган иштер арбын болду. Жан дүйнөбүз арууланып, ак ниетибиз менен адал иштерди аткарып,  бири бирибизге жакшылык тартуулаганга умтулдук.

Ардактуу мусулмандар!

Кармаган орозоңуздарды Жараткан кабыл кылсын! Бул айда жасаган жакшы иштерибиз коомубуздун ынтымагын бекемдесин!

Кыргыз жергесине дайыма ушул Орозо айындагыдай кут төгүлүп, ар бир үйдө бак-таалай, ырыс-береке толуп турсун!

Ар дайым мекенибиздин асманы ачык, элибизде ынтымак, биримдик жана молчулук болсун!

Кыргызстаныбыздын күн сайын алдыга карай өнүгүүсүнө  ар бирибиз салым кошолу!

Орозо айтыңыздар маарек болсун!»