Президент Сооронбай Жээнбеков саммит алкагында Нурсултан Назарбаев менен жолугушту
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-мартта, Астанада өтүп жаткан Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.
Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду жылуу тосуп алып, Кыргызстандын Президенти менен акыркы жолугушуудан кийин эки тараптуу бардык маселелер чечилгендигин, Жол картасы иштеп жаткандыгын белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн алдында турган жалпы маселелер азыркы глобалдуу коркунучтарга жана аймактагы чакырыктарга каршы турууда күч аракетти бириктирүүгө, ошондой эле жарандардын, капиталдын, инвестициянын жана эмгек ресурстарынын эркин жылып жүрүшүнө ыңгайлуу шарт түзүү зарылчылыгын талап кылып жаткандыгын белгиледи.
“Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын Астанадагы бүгүнкү жолугушуусу чындыгында эле тарыхый окуя, бул жолугушуу аймактагы өлкөлөр ортосунда өз ара мамилелерди бекемдөөдө олуттуу милдет өтөп, жакынкы аралыкка кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт деп терең ишенем. Өз кезегинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга жана өлкөлөрүбүздүн ортосунда өз ара ишенимдүү диалогду бекемдөөгө чечкиндүүлүгүмдү ырастайм. Учурда күн тартибинде турган маселелер мамлекеттерибиздин кызыкчылыктары жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн чечилет деп ишенем”, -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: