27.03.2018 16:17

Президент Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-мартта, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Бул тууралуу Президент Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин  төрагасы Президентке Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жыйынынын чечиминин алкагында милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Коррупция менен күрөш жана ага каршы аракеттенүү боюнча мындан аркы пландар талкууланды.

Мамлекет башчысы биринчи жыйынтыктар бар экенин, бирок коррупциялык иш-аракеттерди аныктоо боюнча жумуштарды ыкчамдатып, резонанс жараткан коррупциялык иштерди аягына чыгаруу керектигин белгиледи.

Президент жарандардын арыздары менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурду.

«Жарандардан келип түшкөн бир да арыз же кайрылуу жоопсуз калбашы керек», - деп белгиледи  Сооронбай Жээнбеков.

УКМК төрагасы ошондой эле Президентке өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигин аныктап, аларга жол бербөөгө байланыштуу иштер тууралуу маалымат берди.