26.02.2020 11:01

Президент тандаган сотторду парламент шайлап берди

Президент тандаган сотторду парламент шайлап берди

Жогорку Кеӊеш Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкерлерди шайлап, тиешелүү токтомду кабыл алды.

Алар: Мукамбет Касымалиев, Мээргүл Бобукеева, Латип Жумабаев 7 жылдык мөөнөт менен бекитилишти.

Аталган фемида өкүлдөрүн президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган.

Талапкерлер депутаттардын буга чейинки иш тажрыйбалары, Конститутциялык палатанын иш-милдеттери, мыйзамдарда орун алган оош-кыйыштар, судьялардын аларга карата мамилеси, жарандар тарабынан судьялардын дарегине айтылган сын-пикирлер, өздөрүнүн тапшырган бирдиктүү салыктык декларациялары, ар жылдык жеке кирешелери жөнүндө суроолоруна жооп беришти.

Бүгүн алар ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.