06.03.2018 12:43

Президент өлкөдөгү ЖМК жетекчилери менен жолукту

Президент өлкөдөгү ЖМК жетекчилери менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-мартта Бишкек шаарында  республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери, Кыргызстанда аккредитацияланган чет элдик басма сөз  кабарчылары менен жолугушуу өткөрүп жатат.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга жалпыга маалымдоо каражаттарынын 40  өкүлү чакырылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуу болоор алдында   айым журналисттерди келе жаткан Аялардын эл аралык  күнү менен күнү менен куттуктап, гүл тапшырды.

Жолугушуу “суроо-жооп” форматында өтүп жатат.

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.