27.09.2019 14:38

Президенттин Инстаграмдагы баракчасында пикир калтыруу функциясы өчүрүлдү

Президенттин Инстаграмдагы баракчасында пикир калтыруу функциясы өчүрүлдү

Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбековдун Инстаграмдагы баракчасында макалаларга пикир калтыруу функциясы өчүрүлдү. Өлкө башчынын басма сөз кызматы эмне себептен мындай чечим кабыл алганы азырынча белгисиз.

Инстаграмдагы @sooronbai_zheenbekov_official аккаунту 2017-жылы 4-июнда, Жээнбеков өкмөт башчы кызматын аркалап турган кезде ачылган. Баракчасына коюлган биринчи сүрөттүн алдына «Биздин максат - Социалдык демократия! СДПК - ишенимдүү тирегиң! СДПК - бириксек колдон келет!» ураандарын жазган.

Учурда президенттин 259 миң катталуучусу бар. Өзү эки адамга катталган: бири учурда президенттин басма сөз кызматын жетектеген Толгонай Стамалиева, экинчиси - Алмазбек Атамбаев.

Буга чейин инстаграм колдонуучулары баракча аркылуу өлкө башчысына кайрылып, каалоо-тилегин, же сунушун жазышчу. Арасында жаман сөз жазып, сөккөндөрү да кездешчү. Акыркы жолу мындай комментарийлерди Инстаграм колдонуучулары 12-сентябрь күнү калтыра алышкан. Андан кийин бул функция өчүрүлгөн.  

Эң эле кызыгы, 26-сентябрь күнү президенттин Ысык-Көл облусуна баргандагы сапарынан коюлган сүрөттүн астындагы жазуу.  Анда «Ачык баарлашуу элдин бийликке болгон ишенимин бекемдейт», -деп белгиленет.