21.11.2018 14:50

Президенттин кудасынын агасы жаңы дайындалган кызматын тапшырды

Президенттин кудасынын агасы жаңы дайындалган кызматын тапшырды

Бир жума мурун «Мегаком» мобилдик компаниясынын логистика бөлүмүнүн жетекчилигине дайындалган Ихтияр Абжалиев кызматын тапшырып берди. Бул тууралуу анын Жогорку Кеңештеги депутат иниси Алиярбек Абжалиев билдирди. 

Депутат «Азаттыктын» журналисттерине бир тууганы операция болуп, ооруканада жатканын, ошол жактан арыз жазып бергенин, журналисттерге нааразы экенин айткан.  Анын оюнча, агасынын арыз жазышына маалымат каражаттарына чыгып кеткен кабар себеп болгон.

«Агам Бажы тармагында иштеп, 2-3 облуста жетекчи болуп жүрүп пенсияга чыккан. Полковник наамы бар.  Кийин 5-6 мекемеге резюмесин берген экен. Анын резюмесин карап, ошол жакка ("Мегакомго") бөлүм башчылыкка чакырышыптыр. Бул бир жума мурун болгон. Эми кечээ аны журналисттер көтөрүп чыкты. Бирок ал да өз оокатын кылышы керек. Аны бирөө бакпайт да. Качканга да, кууганга да Кудай бар. Жакшы жагын да айтыш керек да! «Ушундай деңгээлде иштеген экен, ал бөлүм башчылыкка эмес, «Мегакомго» барса да татыктуу экен» деп жазышпайбы? Мурун шоопурлар, жан сакчылар чоң кызматтарга, министрликтерге барса унчукпай отуруп, азыр жаман жагын көрсөтүп жатышат. Агам азыр ооруканада, операция болуп, реанимациядан бүгүн эртең менен чыкты», -деди Абжалиев.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбековдун кудасынын агасы Ихтияр Абжалиевдин «Мегакомго» бөлүм башчылыкка дайындалганын кечээ бир катар ЖМКлар жазып чыгып, социалдык тармакта нааразычылыктар жаралган болчу.