02.03.2018 12:05

Калктын психикалык саламаттыгын сактоо программасы бекитилди

Калктын психикалык саламаттыгын  сактоо программасы бекитилди

Өкмөт башчы  Сапар Исаков калктын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга карата өкмөттүн программасын бекитти.

Программага ылайык калктын психикалык саламаттыгын чыңдоо, жабыркоону болтурбоо, жеткиликтүү медициналык жардамды камсыздоо жана жергиликтүү деңгээлде комплекстүү тейлөө системасын өнүктүрүү ишке ашырылат.

Ошондой эле адам укугун сактоо, психикасы бузулган адамдардын айыгып кетүүсүн тездетүү, ооруга чалдыгуусун жана майып болуу коркунучун азайтуу да каралган.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, документ «Жаңы доорго кырк кадам» программасын ишке ашыруу алкагында кабыл алынды. Беш жылдык мөөнөткө 35 иш-чарадан турган баштапкы план бекитилди.

Программаны иштеп чыгууда тийиштүү мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана өлкөнүн бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган эксперттик жумушчу топ иш алып барган.

Дүйнөлүк саламаттык уюмунун маалыматына караганда, 2014-жылы Кыргызстанда психикалык саламаттык борборунда 52 адам каттоодо турса, 2015-жылы 70 миңге жеткен.