25.03.2019 14:31

Раиса Атамбаева уулу менен Кыргызстандан учуп кеткени чынбы? КСДПнын жообу

Раиса Атамбаева уулу менен Кыргызстандан учуп кеткени чынбы? КСДПнын жообу

Экс-биринчи айым Раиса Атамбаева уулу Кадыр экөө Ташкентке учуп кетишти. Бул туурасында КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. 

«Социалдык тармактарда экс-биринчи айымдын Ташкентке кеткендиги боюнча маалымат тарап, туш-туштан кабарчылар чалып, чын-бышыгын сурап жатышат. Баарына ушул жерден жооп берейин дедим.

Кечээ, 24-мартта Раиса Атамбаева уулу Кадыр Атамбаев менен бирге Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон Мирзиеёванын чакыруусу менен Ташкентке учуп кетишти. Раиса Атамбаева менен Зироатхон Мирзиеёва ар дайым байланышып турушат,  өз ара жакшы достук мамиледе. Бишкекке экс-биринчи айым жана уулу 28-мартта кайтып келишет», -деп билдирет Жолдубаева.