11.05.2018 20:11

Рамазан айынын башталышы 17-майга белгиленди

Рамазан айынын башталышы 17-майга белгиленди

Быйыл Рамазан айынын башталышы 17-майга белгиленди. Мындай чечимди бүгүн Аалымдар кеңеши кабыл алганын муфтияттан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 17-майда башталган орозо  айдын чыгышына карата 15 же 16-июнда аяктайт.

Орозо айы мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелип, Ислам дининин беш негиздеринин бири болуп саналат. Күн чыккандан күн батканга чейин орозо кармагандар оозуна наар албай, суу да ичпейт.

Орозо айында тамак-аш ичүүдөн, кудайга жакпаган иштерди жасоодон өзүн кармап, таңды күндүн чыгышына багышталган дубадан баштайт жана күндүзгү, кечки намаздарын жазбай окуйт.

Орозо таң заардан тартып күн батканга чейин созулат.