15.08.2019 12:07

Равшан Жээнбеков өзүн камакка алганы жатышканын билдирди

Равшан Жээнбеков өзүн камакка алганы жатышканын билдирди

Равшан Жээнбеков ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы өзүн камакка алганы жатканын билдирди. Бул туурасында саясатчы Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул Кой-Таштагы окуяга байланыштуу. «Тергөө башкармалыгынан мага жактоочумду чакырууну айтышты, анткени камап коюу ниеттери бар экен.  Мага «Барымтага алуу» беренеси менен иш козгоп жатышат.  Мени, демократиялык оппозицияны колдонгондорго чоң рахмат. Мыйзам алдында тазамын. Буга ошол күнү ЖМКларга чыккан видеоматериалдар далил болуп берет. Бардык өлкөдө саясий оппозиция болушу керек. Биз эркиндик, реформа, акыйкаттык жана демократия үчүн күрөшүүгө тийишпиз. Жакшы мамлекетти каалайсыңарбы, бул баалуулуктар үчүн күрөшкүлө. Бийлик Атамбаевдин шылтоосу менен баарыбызды жок кылууну чечти», -деп жазды Равшан Жээнбеков.

 

April.kg саясатчынын өзүнө телефон чалып, байланыша алган жок. КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү  Адиль Турдукулов дагы Равшан Жээнбеков менен сүйлөшө албай жатканын билдирди.

«Ал буга чейин, кечээ-мурдагы күндөрү дагы, алдын-ала камайбыз деген сыяктуу белги берип жатканын айткан. Суракка бүгүн саат 10:00гө чакырылыптыр болчу. Азыр суракта окшойт, мен да байланыша албай жатам», -деди ал.