12.02.2019 16:53

Равшан Жээнбеков: Азыркы президент кандайдыр-бир туңгуюкка жакындап калды

Равшан Жээнбеков: Азыркы президент кандайдыр-бир туңгуюкка жакындап калды

«Өлкөдөгү саясий, экономикалык, социалдык абал президентти жарга такап койду. Эгерде өкмөттү алмаштырып, жаңы саясий фигураларды алып келбесе, же болбосо, саясий «жел чыгаруу» процессин кое бербесе, анда президенттин өзүндө көйгөй болот», -деп билдирди саясатчы Равшан Жээнбеков «Апрель» телеканалына берген маегинде.

Анын айтымында, жакынкы учурда өкмөт кетет. Жана бул президент кааласа да, каалабаса да ишке ашат. «Ар бир өкмөттүн артында кайсы бир «күч» турат, алар өзүнүн кишисин саясий кыска мөөнөткө, саясий кыска максаттарды ишке ашырып алууга алып келет. Азыркы өкмөттүн артында кандай «күчтүү күчтөр» турбасын, жакын арада өкмөт кетет»,- дейт Равшан Жээнбеков.  

Бирок, мамлекетте бийликтин  жаратылышын, саясий системаны өзгөртпөсө, кайра эле мурункудай өкмөт келерин белгилейт. 

«Биздин президенттердин баары эле «менин айтканымдан чыкпаган, мени түшүнгөн, мени колдогон адам премьер-министр болушу керек» деп ойлойт. Ошон үчүн администрация жетекчисин биз кайра-кайра премьер-министр кыла беребиз. Бирок, алардан эч кандай жыйынтык чыкпайт. Президентти уккан адам өкмөттү башкара албайт, өкмөттү башкара алган адам президентти укпайт. Мына ушундан улам өкмөт башчы улам жаңыра берет», -деген ойдо саясатчы. 

Анын пикиринде, Кыргызстан саясатында Кремлдин көз карашы дагы да аябай маанилүү, андыктан,  жаңы дайындала турган өкмөт башчыга дагы бир критерий кошулушу мүмкүн. 

Маекти толугу менен «Апрель» телеканалындагы «Кеп көөрүк» долбоорунун бүгүнкү  чыгарылышынан саат 21:00дө көрө аласыздар.