09.08.2019 15:12

Равшан Жээнбеков ИИМге сурак берүүгө кирип кетти

Равшан Жээнбеков ИИМге сурак берүүгө кирип кетти

Саясатчы Равшан Жээнбеков саат 15:00дө ИИМге суракка кирип кетти. Бул тууралуу жеринен April.kg кабарчысы билдирди.

«Кечээки окуялар боюнча саат 15:00гө чакырышыптыр, келдим», -деди саясатчы. 

Эскерте кетсек, кечээ «Альфа» атайын кызматынын жоокерлери Алмазбек Атамбаевдин үйүндө экинчи ирет чабуул жасашкан. Кечке маал Алмазбек Атамбаев өз эрки менен колго түшүп берген. 

Бүгүн, 9-августта анын тарапташтары ИИМге суракка чакырылып башташты. Алар КСДПнын Саясий Кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДП төрайымы Асель Кодуранова, анын орун басары Кундуз Жолдубаева.

Экс-президент өзү кечээ УКМКнын тергөө бөлүмүнө алынып келип, 26-августка чейин камакта калтырылган. КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов 48 саатка кармалган.