30.09.2020 15:14

Равшан Жээнбековдун мугалимдерге, дарыгерлерге жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине

Равшан Жээнбековдун мугалимдерге, дарыгерлерге жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине

Оппозициялык саясатчы, саясий туткун Равшан Жээнбековдун мугалимдерге, дарыгерлерге жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине.

КАЙРЫЛУУСУ

«30 жыл бою бардык 5 президенттер тең шайлоо учурунда саясий алдамчылык менен алектенип, өздөрүнүн дежур талапкерлери менен партиялары үчүн өзгөчө ыңгайлуу шарттарды түзүп келишти. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да алардан эч айырмаланбайт, ал өзүнүн бийликчил партиялары “Форма №2” алдамчылыгы менен алектенип жатышканын, добуштарды ачык эле жана уятсыздык менен сатып алып жатышканын, силерди, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин – мугалимдерди, дарыгерлерди жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин пайдалануу менен административдик ресурсту колдонуп жатышканын билбейт экен. Бийликчил партиялар көз каранды бюджетчилердин аярлуу абалын пайдалануу менен, аларга чындыкты ачык айткандарды көзөмөл астындагы кесиптик кошуундар аркылуу коркутуп, куугунтукка алууда. Бир дагы бийликчил партия өлкөбүз үчүн маанилүү маселелерди чечкен жок. Кыргызстан эң жакыр жана артта калган өлкө, а бийлик коррупциялашкан жана эффективсиз бойдон калып келет.

Үч жылдык башкаруусунда Сооронбай Жээнбеков менен анын жакындары өлкөнү чылгый социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык кризиске дагы да терең батырышты. Эл аралык каржы институттарынан жана донорлордон ушул жылы алынган 700-800 млн доллар коротулуп, желип жок болду. Өлкө бюджети бош, бирок Сооронбай Жээнбеков менен анын командасы мамлекеттик карызды 5 млрд долларга чейин жеткиришти. Бийлик силерди татыктуу жумуш шарты жана маяна менен камсыздай алган жок жана камсыздай да албайт, анын ордуна өлкөдө болуп жаткан бетпактыктар жөнүндө ачык айткандарды куугунтуктоо менен алек. Силер баарыңар тең Сооронбай Жээнбеков жана анын бийликчил партиялары өлкөнү башкарууга жөндөмсүз экенин, силер эңсегендей келечекти кура албашын жана саясий кудуретсиз абалда экенин көөдөнүңөр менен сезип турганыңарга ишенем. Бийлик болгону убакытты созууда.

Силерге мамлекеттик башкарууда жана оппозицияда 20 жылдык тажрыйбасы бар жаран жана саясатчы катары бийликтин саясий алдамчылыгынын куралы жана бөлүгү болбоо чакырыгы менен кайрылам. Кимди татыктуу жана көз карандысыз деп эсептесеңер, ошого добушуңарды бергиле, “чоң шефтерге” балит кызмат көрсөтпөгүлө. Буга чейин бир нече жолу болуп келгендей, бийлик алмашканда жетекчилик же качып кетет, же жаңы бийликке жагынып, көйгөйлөрдүн баарын жөнөкөй аткаруучуга түртө салат. Бийлик жана анын партиялары 30 жыл бою силерди колдогон жок. Силерди керек учурларда ар дайым журналисттер, жарандык коом жана эгемен саясатчылар колдоп келди.

Муну менен, бийликти ачык сындап чыгып, куугунтукка кабылып жаткандарды колдоого алууга чакырам. Силер – жарансыңар, силер – “административдик ресурс” эмессиңер, силер – бийликтин менчиги эмессиңер, силердин өз атыңар, укуктарыңар жана эркиндигиңер бар. Билип койгула, бүгүн эффективсиз жана коррупциялашкан бийлик силерге көз каранды болуп турат. Силер өзүңөр, жакындарыңар үчүн, жаңы, демократиялык Кыргызстан үчүн көп нерсени чечип коё аласыңар».

Саясий туткун

Равшан Жээнбеков