08.10.2019 12:16

Райымбек Матраимовду футбол кечесинен көрүштү. Экс-бажычыны иш-чарага ким чакырган?

Райымбек Матраимовду футбол кечесинен көрүштү. Экс-бажычыны иш-чарага ким чакырган?

Борбор калаадагы ресторандардын биринде кечээ футбол кечеси болуп өттү. Ага белгилүү спортчулар, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү, саясатчылар, аткаминерлер жана ишкерлер чакырылган.

Журналисттер чакырылган конокторду арасынан Бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимовду дагы байкашкан. Белгилей кетсек, «Раим-миллион» эл алдына сейрек чыгып, анын ар бири коомчулукту көңүл кош калтырбайт.

АКИpress экс-бажычынын ата мекендик футболчуларды кол чабуулар менен тосуп алып жаткан учурун тартылган учурду жарыялады. 

Футбол федерациясынан Vesti.kg сайтына Райымбек Матраимовдун бул кечеге кандайча чакырылып калганы боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Айтымдарында, иш-чарага ата мекендик футболдун демөөрчүлөрү чакырылган жана коноктордун тизмесин өздөрү түзүшкөн. 

Буга чейин экс-бажычы өлкөдөн чыгып кеткени айтылган эле. Социалдык тармактын колдонуучулары бул ирет да четте калбай, Райымбек Матраимовдун кечеде күтүүсүз пайда болушуна өз пикирлерин билдиришти.