29.05.2019 16:35

Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз байышы боюнча сотко чейинки өндүрүш февраль айында башталган

Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз байышы боюнча сотко чейинки өндүрүш февраль айында башталган

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз байышы боюнча сотко чейинки өндүрүш февраль айында эле башталган. Бул туурасында April.kg порталына Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Бүгүн бир катар ЖМКларда пайда болгон маалымат - эски. Райымбек Матраимовдун мүлктөрүнүн кайдан келгенин текшерүү президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйынынан кийин эле башталган. Ошондо эле бирдиктүү реестрде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган», -деп билдиришти мекемеден.

Ал эми тергөөнүн кандай жүрүп жатканынан Башкы прокуратуранын кабары жок. Анткени, иш Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын карамагында.

«Процедура боюнча кадимкидей эле тергөө жүрүш керек. Райымбек Матраимов сурактарга чакырылышы керек. Аны азыр  тергөөгө чакырып жатышабы, ал келип жатабы - кабарыбыз жок. Анткени, иш Каржы полициясынын көзөмөлүндө», -дешти басма сөз кызматынан. 

Эскерте кетсек, буга чейин ЭКККМК Матраимовдун мүлкүн текшерүү аяктап калганын билдирген. 28-майда премьер Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик кызматка ишти тездетүүнү тапшырган.