02.10.2019 11:20

«Райым-миллиондун» карындашы аны сындагандарга жооп берди

«Райым-миллиондун» карындашы аны сындагандарга жооп берди

Соцтармак колдонуучулары Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун карындашынын (агасынын кызы) жазган сөздөрүнүн сүрөтүн таратышууда. 

Эскерте кетсек, мурдараак Назик Матраимова өзүнүн 18 жашка толгонуна карата Hyatt Regency Bishkek отелинде шаңдуу кече өткөргөн. Соцтармак колдонуучулары салтанаттын тасмасын таратып, аны катуу талкуулап башташкан.  

Интернет колдонуучуларга жазган кайрылуусунда «Райым-миллиондун» агасынын кызы сот алардын үй-бүлөсүнүн байлыктары кайдан келип чыкканы тууралуу чечим чыгара электигин белгиледи.  

Менин атам акчасын кантип тапканы менен силердин эч кандай ишиңер болбосун. 

Эгер адам өзүнүн сүйүктүү кызына ушундай белек тартуулай алса, анын эмнеси жаман? Биздин өлкөдө 25 миң еврону эки айда таап койсо болот.

Менин корко турган эч нерсем жок. Силер да, Жогорку Кеңеш да, президент да менин үй-бүлөм тарапка жаман сөз айта албайсыңар. Жылмалап айтканда, алар биздин досубуз.

Андан тышкары кыз соцтармак колдонуучуларын «бирөөнү ушактаганды коюп», дивандан туруп, иштеп баштоого, батирдин акчасын төлөөгө чакырат.