30.01.2019 18:21

Райондук сот Албек Ибраимовдун жактоочусунун экинчи өтүнүчүн четке какты

Райондук сот Албек Ибраимовдун жактоочусунун экинчи өтүнүчүн четке какты

Бишкектин мурунку мэри, КСДП мүчөсү Албек Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев Ибраимовдун ишин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берүү тууралуу экинчи өтүнүчүн жолдоду. Бул туурасында КСДПдан билдиришти.

Мурунку калаа башчысына карата козголгон кылмыш иши боюнча Октябрь райондук сотунда өткөн соттук отурум учурунда Сергей Слесарев ишти аймактык соттолуучулук боюнча Биринчи Май райсотуна өткөрүп берүү өтүнүчүн келтирди. 

Жактоочу буга териштирүү иштери Биринчи Май районунда өткөнүн жана  «Дастан» ишканасы дагы аталган райондо жайгашканын жүйөө келтирди.

Кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кеткен судья Ибраимовдун жактоочусунун өтүнүчүн четке какты. Слесарев бул чечим боюнча шаардык сотко арызданарын билдирди.