18.12.2019 12:20

#ReАкция2.0 каршылык акциясында атайын провокация кылган күчтөр байкалууда

#ReАкция2.0 каршылык акциясында атайын провокация кылган күчтөр байкалууда

#ReАкция2.0 митинги Ала-Тоо аянтында уланууда. Такталбаган маалыматтарга караганда ага 500дөн 1 миңге чейин кайдыгер эмес жарандар чыгышкан.

Негизги максат – коррупцияга каршы күрөшүп жаткан ЖМКларды колдоп, сөз эркиндигин коргоо.

Митингдин катышуучуларынын айтымында атайын провокация кылууга аракеттенген адамдар пайда болот башташты. Калпак, элечек кийип, “уят” деп кыйкырышууда. Алар “Кырк чоро” кыймылынын өкүлдөрү болушу мүмкүн деп катышуучулар божомолдошууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, милиция кызматкерлери провокацияланга аракет кылып жаткандарды дароо чектегенде аракет кылышты.

Эске салсак, бул сымал митинг 25-ноябрда дагы орун алган. Анда #REАкциянын катышуучулары мурдагы бажычы Раимбек Матраимовдун камалышын, ЖМКларга чыккан коррупция боюнча фактылардын ар тараптуу иликтенишин жана мыйзамсыз чыгарылган баардык акча каражаттарын кайрадан Кыргызстанга кайтаруу талаптарын коюшкан.

Митинг тынч өтүп, башаламандыктар байкалган эмес. Акциянын катышуучуларына башында милиция кызматкерлери келишип, бирок юристтердин түшүндүрмөсүн угушкандан кийин кетип калышкан.

Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.