Рингдеги өлүм. Он төрт жаштагы өспүрүм мелдеш учурунда атаандашынын соккусунан каза тапты
Ош облусунан Токмокко кикбоксинг боюнча эл аралык мелдешке келген 14 жаштагы өспүрүм рингде каза тапты. Бул туурасында turmush.kg жазып чыкты.
Күбөлөрдүн айтымында, окуя Токмок шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде өтүп жаткан мелдеш учурунда болгон.
«Каза болгон бала токмоктук 14 жаштагы спортчу менен беттешке чыккан. Жаӊы башталганда экөө бири-бирине анча деле сокку урбай, ары-бери буйтап жатышкан. Аңгыча маркум бала артына бурулуп басып баратып, жерге жыгылды. Баарыбыз шок болуп карап калдык. Анткени ал жыгыла тургандай сокку болгон эмес. Мектептин медициналык кызматкерлери дароо биринчи жардамды көрсөтүштү. Бала эсине келбегендиктен тез жардам чакырышты. Бирок эмнегедир тез жардам кызматы келген жок, анан ооруканага өздөрү алып кетишти», - дешкен алар.
Ал эми Токмок шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Кубан Идинов каза болгон өспүрүмдүн башында буга чейин эле кан шишик болгонун айткан.
«Бул эл аралык мелдешке бардык облустан спортчулар келип катышып жатышкан. Баары өз нугу жана тартиби менен өтүп жаткан. Ал эми каза болуп калган баланын башында эски шишиги (гематома) бар экен. Экспертиза ушундай жыйынтык чыгарды. Ал мелдеште 15 секунда боксташкандан кийин басып баратып эле жыгылды. 57 салмактагы өзү курактуу спортчу менен беттешке чыккан эле. Дароо мелдешти токтоттук. Окуя болгондон кийин туугандарына кабарлап, атасы эртеси ооруканадан алып кетти. Ал киши баарын түшүнүп, эч кандай доосу жок экенин билдирди», - деген Кубан Идинов.
Учурда Чүй ОИИБ аталган факты боюнча иликтөө жүргүзүүдө.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: