06.04.2019 17:07

Рыскелди Момбеков: Мен Социал-демократтар партиясы деп өтөм дүйнөдөн

Рыскелди Момбеков:  Мен Социал-демократтар партиясы деп өтөм дүйнөдөн

«Мен депутат болгон күндөн бери оппозицияда келатам. Мени коркутабы, кылмыш ишин ачабы, мен бир гана Жараткандан корком, башка эч нерседен коркпойм»,- деп билдирди  Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бүгүнкү КСДПнын 18-съездинде.

Анын айтымында, партия президенттикке талапкер тандоодо аябай жаңылды. «Мага азыр эки эсе кыйын. Тандаган  Алмазбек Шаршенович болду, таптаган баарыбыз болдук, Жээнбеков  талапкер болду, Атамбаев саяпкер болду. Эл азыр эки жакты карап калды. Экономика өлдү. Атаандашуу бул жакшы эмес. Кечээ Роза Отунбаева айтыптыр «Алмазбек Шаршенович туңгуюкка кептелди» деп. Алмазбек Атамбаев туңгуюкка кептелген жок, мамлекет кептелди. Ушундан чыгышыбыз керек», -деди Момбеков.

Ал ошондой эле, учурда Апрель революциясынын баркы кетип баратканын белгиледи. «Жылда 7-апрелди чоң сый-урмат менен белгилечүбүз. Быйыл болгон жок. Апрель окуясынын баркы болмоюн, азыркы бийликтин наркы болбойт. Азыр апрель окуясы алыстап баратат, ал алыстаган сайын, акыйкаттык алыстайт. Президент эмдиги жылы Апрель окуясынын он жылдыгы өткөрүү жарлыгына кол коюптур. Анын тизмесин карасам, ал окуяга анча-мынча тиешеси бар Каптагаев эле жүрөт, андан башка эч ким жок. Эми, Апрель окуясынын 10 жылдыгын Бакиев менен кармашкандар эмес, Бакиевге жармашкандар өткөрсө, анда анын эмне кереги бар?», -дейт депутат.

Анын айтымында, партия кийинки шайлоолордо жаңылбаш керек. «КСДП адашпаш керек. Биз адашсак дагы, мамлекет өз жолунан адашпаш керек. Кыргыз көчү жолун улаш керек. Бирок, бийликтин көчү жолун мындай кылып улабаш керек. Анткени, мурун Алмазбек Шаршенович кетирген каталарды азыр Сооронбай Шарипович кетирип атат. Өткөндө Алмазбек Шаршеновичтин туулган күнүнө келем деп балээге калгам. Эки ай кылбаган иштин баарын кылышты. Аягында чыдабай кетип "атып эле, же асып эле салгылачы" деп айттым. "Бакиевдин убагында көрбөгөн кордукту эми көрүп атам го" дедим. Сооронбай Шариповичтин өзүнө кирип айттым. Майда-чүйдөгө чейин киришишти. "Сен футбол талаасын салыпсың, сен муну алыпсың, сен тигини алыпсың" дешти. Аягында айттым ачык эле "Алмазбек Атамбаев берген, аны кошуп жоопко тарткыла тартсаңар" дедим.  

Мен  бүгүнкү съездге партияны сыйлагандан, силерди сыйлагандан келдим. Партиянын тарыхын урматтайм, сыйлайм. Байдылда Сарногоев айтат эмеспи- "Улутчул дешет билбеген, улутун кимдер сүйбөгөн, кыргыз деп келдим дүйнөгө, кыргыз деп өтөм дүйнөдөн" дегендей, мен КСДП деп өтөм дүйнөдөн», -деди Рыскелди Момбеков.